Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:53

Ак-Талаа: Жээктен ашкан суу 21 үйдүн короосун каптап кетти


Нарындын Ак-Талаасындагы Ак-Тал айылында 28-мартта күндүн жылышынан тоодогу кар эрип Ак-Тал суусунун деңгээли көтөрүлө баштаган. Айылдагы 21 үйдүн короо-сарайларын суу каптаган. Түзүлгөн өзгөчө кырдаалды жоюу үчүн райондук мамлекеттик администрация тарабынан 500 даана кап жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 100 литр күйүүчү май бөлүнүп берилди. Азыркы учурда жергиликтүү эл тарабынан каптарга кум толтурулуп, жээк бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ак-Тал суусу андан ары Нарын районунун Ак-Кудук айылдык аймагына өтүп, 8-Март айылына баруучу унаа жолдун 48-чыкырымындагы 5 метр жерди жараксыз абалга келтирген. Унаа жолду оңдоо иштери жүрүп жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. (RK)

XS
SM
MD
LG