Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

Укук коргоочулар зордук менен өлтүрүлгөн кыз боюнча прокуратурага кайрылышты


Укук коргоочулар кеңеши Баш прокуратурага кайрылып, зордук менен өлтүрүлгөн кыздын энесинен арыз албай койгон милиционерлерди жоопко тартуу үчүн кылмыш ишин козгоо талабын койду. Буга чейин Бишкектин Ленин районунда тогуз милиционер бул факт боюнча дисциплиналык жазалоо алышканы айтылган.

18-мартта Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушундагы кафелердин биринин жанынан сөөгү табылган сегиз жаштагы кыз 17-мартта жакындарынын үч жашар баласын үйүнө узатканы чыгып, ошо бойдон кайтпай калганын Ички иштер министрлиги кабарлаган болчу. Соттук-медициналык экспертиза ал кыз зордукталып, муунтуп өлтүрүлгөнүн тастыктады. Кылмышкерди издөө иши уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG