Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Түркмөнстан Кытай менен сателлит учурууну сүйлөшүүдө


Расмий өкүлдөрдүн билдиришинче, Түркмөнстандын тунгуч Жер жандоочуну орбитага 2014-жылы чыгаруу маселеси бүгүн Ашхабаддагы жолугушууда көтөрүлдү.

Жандоочту кытайлык ракета менен учуруу мүмкүнчүлүгү Кытайдан мамлекеттик Улуу Дубал өнөр-жай тобу менен талкууланды.

Былтыр ноябрда Кытайга барганда түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов кытай өкмөтүнө Түркмөнстандын эми түптөлүп жаткан космостук программасына аралашуусун сунуш эткен.

Мындан тышкары франциялык Талес Аления "Спейс Франс" компаниясы Түркмөнстандын алгачкы Жер жандоочуну жасоого катышаары кабарланган. Жандооч өлкөнүн теле-байланышын жакшыртууну максат кылат.

XS
SM
MD
LG