Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

Украинада зордуктоонун 18 жаштагы курмандыгы көз жумду


Саламаттык бийликтери билдиргендей, Оксана Макар Донецк шаарындагы ооруканда дээрлик үч апта оор абалда жаткандан кийин бүгүн кайтыш болду.

Прокурорлордун айтымында, Оксана Макарды үч киши 9-мартта Миколаев шаарында зордуктап, муунтуп, кийин өрттөп жиберишкен. Аман калган кыз оор күйүк менен, өпкөсүнө зак кеткен абалында ооруканага жаткырылган.

Бул кылмыш Украинаны солк эттирип, мурда аймактык өкмөттө иштеген аткаминерлердин балдары болгон эки шектүү кишинин бошотулушу катуу нааразылыкты жаратты. Кийин шектүү кылмышкерлердин үчөө тең кармалып, кылмыш иши козголду.

XS
SM
MD
LG