Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Араб өлкөлөрү тарыхый жыйынга чогулушту


Бүгүн Ирактын баш калаасы Багдадда 22 мүчөлүү Араб лигасынын саммити ачылууда. Ага экс-диктатор Саддам Хусейндин аскерлери 1990-жылы Кувейтке басып киргенден бери биринчи жолу кувейттик эмир келди.

Чакырылгандардын арасында эл аралык Кылмыш соту согуштук кылмыштар боюнча айып койгон Судандын президенти Омар ал-Башир жана ошондой эле Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун бар. "Азаттыктын" Багдаддагы кабарчысы Махмуд ал-Робай жыйын жайында абал тынч экенин билдирди:

– Жыйын Жашыл Тилкедеги Жумурият Ак сарайында уюштурулган. Бул коопсуз жер, азырынча катардан тышкары эч нерсе болгон жок.

Саммиттин коопсуздугун кепилдөө үчүн Ирактын баш калаасында 100 миң коопсуздук кызматкерлери жайгаштырылды. Мындай жыйын Багдадда акыркы 20 жылда биринчи жолу өтүп жатат. Алдын-ала божомолдорго ылайык, анда Сирияда өкмөт менен оппозиция күчтөрүнүн элдешүүсү сунуш этилет, бирок Сириянын президенти Башар ал-Асаддын отставкасы талап кылынбайт.

XS
SM
MD
LG