Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

Экс-президент Отунбаеванын фонду микрокредит боюнча жолугушуу өткөрдү


Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын эл аралык фонду микрокредит боюнча жолугушуу өткөрдү.

Алгачкы презентация Бангладеш өлкөсүнүн микрокредиттөөдөгү тажрыйбасына арналды. Буга чейин Отунбаева бир катар кыргыз бизнесмендери менен Бангладешке барып, алардын тажрыйбасын көрүп кайткан.

Презентациянын уюштуруучулары Кыргызстандын географиялык абалы “Түштүк-Чыгыш Азиянын жолборстору” аталган экономикасы күчтүү өлкөлөр менен кызматташууга жол ачат деп эсептешет.

Роза Отунбаева белгилгендей, Кыргызстанда микрокредиттөө жаатында 350 уюм иштейт, 450 миң адам кредит алып, бул тармакта 15 миллиард сом жүгүртүлөт.

“Учурда микрокредит берүү жаатында бир топ көйгөйлөр топтолуп калды, ошону чечкенге бизге Бангладеш өлкөсүнүн тажрыйбасы пайдалуу болот деп ойлойм”, - деди Отунбаева.

Мындай жолугушуулар “Азия Континенти” демилгесинин алкагында ай сайын өтүп турмакчы. Келечектеги презентациялар Кытай, Индия жана Жапония сыяктуу өлкөлөрдүн тажрыйбасына арналат.

Роза Отунбаева президенттиктен кеткен соң “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык корун негиздеп, аталган уюм маданият, экономика жаатында иш алып барууда. (AiK/RK)

XS
SM
MD
LG