Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:51

Министрдин мурдагы орун басары Нарбековдун иши сотко өттү


Ири суммадагы пара алды деп шектелген саламаттыкты сактоо министринин мурдагы орун басары Оморбай Нарбековдун иши сотко өттү. Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын билдиришинче, иш Биринчи май райондук соттун кароосуна жөнөтүлдү.

Тергөө маалымдагандай, Нарбеков Ысык-Көл облустук стоматологиялык эмкананын башкы дарыгерлик кызматын убада кылып, У.А. деген адамдан 4 миң доллар алган. Мындай арыз менен У.А. 9-февралда тиешелүү органдарга кайрылган.

10-февралда министрдин орун басары мурда алган акчасынын 10 миң сомун кайтарып берип жаткан учурда Башкы прокуратура жана ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG