Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:48

Арап лигасынын саммити Сирияда өкмөт менен оппозицияны сүйлөшүүлөргө чакыруу менен аяктады


Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зибари (оңдо) менен Арап лигасынын баш-катчысы Набил ал-Араби саммиттен кийинки маалымат-жыйынында, 29-март, 2012
Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зибари (оңдо) менен Арап лигасынын баш-катчысы Набил ал-Араби саммиттен кийинки маалымат-жыйынында, 29-март, 2012
Кечээ кечинде Ирактын баш калаасы Багдатта саммитти жыйынтыктап жатып, лиганын лидерлери тараптарды жумуриятта бир жылдан бери уланып жаткан конфликтти токтотууга, тез арада Бириккен улуттар уюмунун жана Арап лигасынын чабарманы Кофи Аннандын тынчтык планын ишке ашырууга да үндөштү. Бирок алар президент Башар ал-Асадды кызматтан кетүүгө чакырышкан жок.

Аннандын планына ылайык, өкмөттүк аскерлер менен согуштук оор техника каршылык көрсөткөн шаарлардан чыгарылышы зарыл, гуманитардык миссиянын, журналисттердин ишине жол берилиши керек. Президент Асад “бул план аткарылат” деп сөз берди, бирок “сырткы күчтөр оппозицияны колдогонду токтотушу керек” деди.

Ал арада Анкарада Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Сириядагы кырдаал тууралуу сүйлөп, Асад бул планды аткарышы күмөн деди.

"Азырга чейин Сирияда адам өлтүрүү токтотула элек. Ошондуктан Аннандын планы ийгиликтүү ишке ашат деп үмүттөнө албайбыз. Азыркы кырдаалды эске алып, мен буга ишене албай турам", - деди Эрдоган.

Ал бүгүн Кофи Аннан менен жолугушаарын, абалга жаңыча баа берээрин кошумчалады. Багдаттагы саммитке лиганын 22 мүчөсүнүн жарымына жакынынын гана лидери катышты.

XS
SM
MD
LG