Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:25

АКШ менен Өзбекстан аскерий кызматташтыкты талкуулашты


АКШнын борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Жеймс Маттис Ооганстандагы кырдаалды талкуулаш үчүн кечээ Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен сүйлөштү.
Өзбекстандагы жергиликтүү маалымат каражаттарынын айтымында, алар эки тараптуу аскерий кызматташтыкты талкуулашты. АКШ Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетүүнүн ишенимдүү жолун издеп жаткандыктан соңку айларда АКШ-өзбек мамилелери жакшырганы байкалууда. Маттис Ташкенге Пакистандан келди. Ал жакта да америкалык аскерий жетекчилик мурдагы жолду ачуунун жолдорун сүйлөшүп жатат. Өткөн жылы ноябрда АКШнын аскерий учагы кокусунан аймактагы пакистандык аскерлерге чабуул коюп, 24 аскерди өлтүрүп алганда ал жол жабылган болчу.

XS
SM
MD
LG