Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

Президент Атамбаев Азербайжанга расмий сапар менен барды


Президент Алмазбек Атамбаевдин Азербайжанга эки күндүк расмий сапары башталды. “Азаттыктын” кабарчысы Элеонора Бейшенбек кызынын Бакыдан билдиргенине караганда, Атамбаев менен биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев¸ тышкы иштер министри Руслан Казакбаев¸ энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Автандил Калмамбетов, Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Виталий Орозалиев жана Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Карганбек Самаков¸ Азамат Арапбаев¸ Замир Бекбоев¸ Акылбек Султанов баштаган делегация жүрөт.

Бүгүн, 30-мартта Алмазбек Атамбаев Бакы шаарында Загулба сарайында Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугат. Адегенде эки президент өзүнчө сүйлөшүп, андан соң кеңири курамда жолугушуу өтөт. Жыйынтыгында документтерге кол коюлат.

Түштөн кийин курман болгон баатырлар аллеясында кыргыз делегациясы Гейдар Алиевдин күмбөзүнө гүлчамбар коёт. Андан кийин Бакынын мэри шаардагы реконструкция иштери менен тааныштырат. Кечке маал Атамбаев азери парламентине барат. Ушул эле күнү азери өкмөт башчысы менен жолугушат, Гейдар Алиев атындагы фондго барат. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG