Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Краснодарда миңдей кыргыз кулчулукка кабылганы айтылууда


Ушу тапта Бишкекте он чакты ата-эне мамлекеттен жардам издеп, Орусиянын Краснодар шаарында кулчулукка кабылган уулдарын куткарып берүүнү сурап жүрүшөт. Алар менен чогуу жүргөн Нуралы Кадырбаев да агасы Нурбекке жардам керек болуп жатканын айтып "Азаттыкка" телефон чалды.

Анын айтымында, 500-1000 кыргыз учурда Краснодарда паспортун тарттырып жиберип, бекер иштеп, кулчулукта жүрөт.

Краснодар менен телефон аркылуу байланышканыбызда, өзүн Жолдошбек Ибраев деп тааныштырган жигит ал жакка эки ай мурда барганын, "22 баланы чогуу бир автобус менен чала тааныган бир киши алып барып, ошо бойдон качып" кеткенин айтты.

"Курулушта иштеп жатабыз, акчабызды беришпейт, башында жүздөй бала болчубуз, улам бирден качып жатып, алтымыштайыбыз калдык. Паспортубузду алып коюшкан", - деди Ибраев.

XS
SM
MD
LG