Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:54

Саркози: атайын операция учурунда 19дай киши кармалды


Франциянын президенти Николя Саркози шектүү исламчыл экстремисттерге каршы жүргүзүлгөн операция учурунда өлкө аймагы боюнча 19дай киши кармалганын билдирди. Француз радиосунан сүйлөгөн президент маалымдагандай, жума күнкү рейдде Калашников автоматы өңдүү курал-жарак колго түшүрүлдү. Саркози шектүү экстремисттердин уюшмаларына каршы операциялар болочокто дагы болоорун кошумчалады.

- Франция элинин коопсуздугун камсыздоо – биздин парзыбыз. Башка жолубуз жок. Француз элин коргоо милдети биринчи кезекте президентке жүктөлөт.

Кабарларга караганда рейддер Нант, Тулуз жана башка шаарларда жүргүзүлдү. Тулузда өткөн аптада коопсуздук күчтөрү өзүн исламчыл экстремист деп атаган Мохамед Мерах аттуу кишини аткылашуу учурунда жок кылышкан. Теги алжирдик Мерах ага чейин 7 кишини, анын ичинде 3 баланы атып салган деп шектелүүдө. Алжир анын сөөгүн кабыл алуудан баш тарткандан кийин Мерах бейшембиде Тулуздун чет жакасына коюлду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG