Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Кофи Аннан Башар Асадды ок атышууну токтотууга үндөдү


БУУ жана Араб лигасынын Сирия боюнча арачысы Кофи Аннан президент Башар Асадды бир жылдан бери уланып келаткан жаңжалды жөнгө салуу планынын алкагында ок атышууну токтотууга үндөдү. Кабарларга караганда, бүгүн да өкмөттүк аскерлер оппозициянын таянычы - Хомс шаарынын борборун кайрадан бутага алышты.

Асад Аннандын тынчтык орнотуу долбоорун кабыл алаарын буга чейин билдирген. Бирок чабармандын басма сөз катчысы Ахмад Фавзи Аннан өкмөттүк күчтөрдүн ок атууну дароо токтотуусун кааларын белгиледи. Фавзинин айтымында, БУУнун мурдагы баш катчысы өкмөттүк армия куралдан биринчи болуп баш тартууга тийиш деген ойду карманат, ошол эле маалда оппозицияны ок чыгарууну токтотуп, сүйлөшүүлөрдү баштоого көндүрүү аракетин көрүүдө.

БУУнун маалыматына ылайык, бир жылдан бери созулуп келаткан жаңжалда Сирияда 9 миңдей киши набыт кетти.

XS
SM
MD
LG