Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Пакистан: 20-январдан бери 100 миңден ашуун адам жер которгон


БУУнун Качкындар боюнча агенттиги Пакистандын өкмөттүк аскерлери менен талип жана алкайидачы согушкерлердин ортосундагы кармаштардан улам, Пакистандын түндүк-батыш аймагында 20-январдан бери 100 миңден ашуун адам жер которууга мажбур болгонун маалымдады.

Качкындар боюнча жогорку комиссардын басма сөз катчысы Мелиса Флемингдин айтымында, коопсуздук күчтөрү Хибер чөлкөмүндө операция баштаган январдан бери болжолу менен 101 миң 106 киши, көпчүлүгү аялдар менен балдар өз үйлөрүн калтырып, коопсуз жай табууга аргасыз болду. Алардын көбү Пешаварга жакын жердеги Жалозай лагеринде баш калкалашууда. Адистердин санактарына ылайык, соңку жылдары жаратылыш кырсыктары жана кармаштардын айынан Пакистанда жалпысынан 10 миллиондой киши жер которгон.

XS
SM
MD
LG