Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

Жумгал: Чаек айылынын үч көчөсүн суу каптап жатат


Бул тууралуу “Азаттыкка” айыл тургундарынын атынан “Эр айым” коомдук бирикмесинин Жумгал району боюнча координатору Бейшегүл Маразыкова билдирди. Анын айтымында, күн жылып, эки коктуда, тоодо жаткан кар ээрип, суу көпүрөдөн ашып, Абдиев, Рыскулов, Айылчиев атындагы көчөлөрдө жайгашкан үйлөрдү каптап жатат.

Маразыкованын маалымдашынча, суу 30 чакты үйдүн жер төлөсүн каптап жатат. Ушул тапта айыл тургундары жергиликтүү бийликтин жардамы менен кум төгүп, тосмо жасап, сууну токтотуу аракетин көрүп жатат. “Бирок өз күчүбүз жетпей жатат. Бизге борбордук бийликтен жардам өтө зарыл” деп кабарлады Маразыкова.

XS
SM
MD
LG