Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:28

Оппозиция бийликке 7-апрелге чейин убакыт чектеди


Баткендеги митингдин уюштуруучулары Ош шаарында айтылган талаптарын күчүндө калтырды. Бул талаптар бир добуштан кабыл алынганын митингдин жүрүшүндө “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров жар салды. 7-апрелге чейин коюлган талаптар аткарылбаса, анда президенттин кызматтан кетүүсү талап кылынары белгиленди.

Марттын башында оппозиция Ош шаарында митинг өткөрүп, “Кыргызстанда жаңы кесипкөй өкмөт түзүлcүн”, “Апрель жана июнь окуяларынын күнөөкөрлөрү жазалансын”, “1993-жылкы Конституция кайра кайтарылсын” деген бир катар талаптар айтылган.

Учурда митинг жыйынтыкталууда. (КЕ/JsA)

XS
SM
MD
LG