Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Пакистанда уруштардан улам 140 миң адам жер которду


Жалозай лагеринде катталып жаткан качкындар. Сүрөт 23-октябрь, 2011-жылы тартылган.
Жалозай лагеринде катталып жаткан качкындар. Сүрөт 23-октябрь, 2011-жылы тартылган.
Бул тууралуу БУУнун Качкындар иши боюнча жогорку комиссариаты билдирүүдө.

Уюмдун Пакистандагы бөлүмүнүн өкүлү Дания Аслам Хандын “Азаттык” үналгысына айтканына караганда, Пешевар шаарынын жанындагы Жалозай лагеринде ушул жума күнгө карата 140 миң качкын катталды.

Качкындар комиссариаты белгилегендей, соңку күндөрү Хайбер чөлкөмүндө уруштар күчөп, көптөгөн үй-бүлөлөр коопсуз жайга качууга аргасыз болушкан.

Пакистандын түндүк-батыш бөлүгүндө козголоңчулар менен өкмөттүк күчтөр ортосундагы уруш январь айынан бери жүрүп жатат.

Эксперттердин эсебинде, табигый кырсыктардан жана уруштардан улам Пакистанда акыркы жылдары жер которгондордун саны 10 миллионго чейин жетет. (UE)

XS
SM
MD
LG