Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:47

Сирия шаарлардан аскерлерди тынчтык орногондо гана чыгарат


Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди. Министрликтин өкүлү Жихад Махдисинин айтымында, Сирия өкмөтү ага каршы козголоңду “жеңди”. Аскерлер шаар жерлеринен стабилдүүлүк орногондо гана чыгарылат.

Мунун алдында Бирикен улуттар уюму менен Араб лигасынын Сирия боюнча чабарманы Кофи Аннан ок атышууну тезинен токтотууга чакырган.

Аннандын кеңсесинин айтымында, Сириянын өкмөтү “күчтүү тарап” катары ок атышууну бир тараптуу түрдө токтотуу боюнча макулдашууну аткарышы керек.

БУУнун эсебинде, Сирияда бир жылдан берки козголоң учурунда 9000дей кишинин өмүрү кыйылды. Бүгүн Түркиянын өкмөтү козголоң башталгандан бери алар тарапка 17 миңдей сириялык качып келгенин билдирди. (UE)

XS
SM
MD
LG