Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:30

АКШ Перс булуңундагы өлкөлөрдү Иран боюнча тыгыз кызматташтыкка үндөдү


Клинтон Сауд падышасы Абдалла менен дүйнөлүк мунай базардын стабилдүүлүгүн талкуулады. Эр-Рияд, 30-март, 2012-жыл.
Клинтон Сауд падышасы Абдалла менен дүйнөлүк мунай базардын стабилдүүлүгүн талкуулады. Эр-Рияд, 30-март, 2012-жыл.
Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Ирандан келген коркунучка каршы туруу үчүн АКШ Перс булуңундагы араб өлкөлөрү менен деңиздеги коопсуздук жана ракетадан коргонуу боюнча статегиясын жакшыртууну көздөйт.

Клинтон бүгүн Сауд Аравиянын борбору Эр-Рияддагы коопсуздук конференциясы учурунда белгилегендей, АКШнын жана Перс булуңундагы өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн Ирандын өзөктүк ишмердиги жана коңшулардын ички иштерине кийлигишүүсү боюнча тынчсыздануусу бирдей.

Мамлекеттик катчы мындай сөздөрдү президент Барак Обама Иранга багытталган санкциялар катаалдаштырыларын эскертип, Ирандан мунай импорттогон өлкөлөр мындан баш тарткан учурда алар үчүн дүйнөлүк базарда чийки мунай жетиштүү экендигин билдиргенинин эртеси айтты.

Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон кечээ Сауд Аравиянын падышасы Абдалла менен дүйнөлүк мунай базардын стабилдүүлүгүн талкуулаган. Сауд
Аравия - дүйнөнүн эң ири мунай экспорттоочусу. (UE)

XS
SM
MD
LG