Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Бишкекке АКШ мамкатчысынын жардамчысы келди


АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк 31-март күнү кечинде Бишкекке иш сапары менен келди. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Блейктин сапары 3-апрелге чейин созулат. Бул аралыкта АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы президент Алмазбек Атамбаев баштаган өлкө жетекчилиги менен жолугушат. Роберт Блейктин аймактагы коопсуздук жана интеграция маселелери боюнча жыйынга катышаары да кабарланууда.

27-мартта Дүйшөмбү шаарында өткөн Ооганстан боюнча экономикалык кызматташтыкка арналган аймактык конференцияда Блейк Вашингтондун “Манас” аба майданындагы Транзиттик борбордун келечеги боюнча сүйлөшүү ниетин дагы бир ирет ырастаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG