Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Атамбаев: Азербайжан 250 миллион доллар инвестиция салууга даяр


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Бакыдагы сапардан кайтканда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Атамбаевдин айтымында, бул каражат Кыргызстан менен Азербайжан биргелешип курууну пландап жаткан мунайды кайра иштетүүчү заводго жумшалат.

Ошондой эле апрел айынын соңунда кыргыз-азери өкмөттөр аралык комиссия ишин баштаары белгилүү болду. Бул комиссиянын алкагында Ысык-Көлдөгү “Тамчы” эл аралык аэропортун биргелешип куруу, “Залкар банкты” сатуу маселелери каралышы мүмкүн. Ага чейин азербайжандык адистер келип, бул багыттагы иштер менен таанышат.

30-мартта президент Алмазбек Атамбаев Азербайжанга иш сапары менен барган. (BkA)

XS
SM
MD
LG