Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

“Сириянын достору" тобу Сириянын Улуттук кеңешин тааныды


Стамбулдагы бүгүнкү жыйында оппозициянын Сирия улуттук кеңеши сириялыктардын баарынын мыйзамдуу өкүлү катары таанылды.

Бир күндүк кеңешменин жыйынтык коммюникесинде президент Башар Асад үчүн Улуттар уюму менен Араб лигасынын тынчтык планын аткаруу мөөнөтүнүн аягы жок эместиги көрсөтүлөт.

Коммюнике ошондой эле БУУ менен Араб лигасынын атайын чабарманы Кофи Аннанды кийинки кадамдардын жадыбалын белгилөөгө чакырды. Батыштын жана араб дүйнөсүнүн алтымыштан ашуун өлкөсүнүн өкүлдөрү Стамбулга Сирия бийлигине Улуттар уюму менен Араб лигасынын тынчтык планын аткаруусуна жана оппозицияны күч басууну токтотуусуна кысым көргөзүү үчүн чогулду.

Жыйынга Орусия, Кытай, Иран катышкан жок.

АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон конференциядагы сөзүндө Асаддын өкмөтүнүн мүчөлөрүн карапайым жарандарды бутага алууну токтотууга чакырып, болбосо олуттуу кесепеттерге кабыларын эскертти.

Ага катар АКШ Сирия оппозициясын байланыш каражаттары менен камсыздап, аны аракеттенүнүн саясий планын өнүктүрүүгө үндөгөнүн кошумчалады:

- Адамдар Сириянын ичинде Асаддын катаал режиминин негизги соккусуна кабылып жаткандарга жардам көргөзүү ыкмаларын табуу үчүн тынбай иштешүүдө. Биз режимдин аракеттери канчалык айоосуз болгонун билебиз. Сириянын Улуттук кеңеши түрдүү сириялыктардын баш кошуп, бир багытка бириктирүү үчүн талыкпастан иштеди. Жакынкы күндөргө чейин кимге жардам берүү керектигин билүү кыйын болгон. Уюшкан аракет көрүлгөн эмес.

Сирия Улуттук кеңешинин төрагасы Бурхан Галион жекшембиде алар эми президент Башар Асаддын режимине каршы күрөшүп жаткан козголоңчуларга айлык акы төлөй турганын жарыялады. Ал ошондой эле Асаддын өкмөтү БУУ менен Араб лигасынын чабарманы Кофи Аннандын тынчтык планын аткаруу убадасын орундарына ишене албасын кошумчалады.


Улуттар уюму менен Араб лигасынын планы урушту токтотулуусун, өкмөт менен оппозициянын сүйлөшүүсүн жана эл аралык гуманитардык уюмдар Сирия аймагына киргизилишин карайт.

Дамаск кечээ оппозицияны "жеңгенин", бирок жоокерлер менен танктар шаарлардан жашоо кадимки нугуна түшкөндө гана чыгарыларын билдирген.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген уюмдун маалыматына караганда, кечээги атыштардан 32 адам, анын ичинде 24 жөнжай тургун, бүгүн 16 адам мерт болгон. Алардын сегизги буктурмага кабылган аскерлер.

БУУнун эсебинде, Сирияда демократияны талап кылган митингдер менен башталып, бир жылдан бери уланып жаткан козголоңдон 9 миңдей кишинин өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG