Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

НАТОнун баш-кеңсесинин маңдайында демонстрацияга чыккан 500 активист кармалды


Алар кечээ Брюсселде НАТОнун имаратына кирип, символикалуу түрдө альянсты такыр жабышканын көрсөтүшмөк. Бирок полиция аларды кармап кетти. Кийинчерээк демонстранттар бошотулаарын айтышкан.

“НАТОнун оюну бүттү” деген бул митингчилер түндүк атлантикалык альянстын Ооганстандагы жана Ливиядагы иштерин катуу сындашты. Андан сырткары, активисттер уюмдун Европаны ракета чабуулдарынан коргоо системасын орнотуу жөнүндөгү пландарын да сындап, “мунун баары глобалдык күч сынашмайды жаратат” дешти.

XS
SM
MD
LG