Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Мьянмада оппозиция парламенттеги бош орундардын дээрлик баарын утканын билдирди


Аун Сан Су Чжи үчүн бул 15 жылга созулган үй камагынан кийинки алгачкы шайлоо болду
Аун Сан Су Чжи үчүн бул 15 жылга созулган үй камагынан кийинки алгачкы шайлоо болду
Мьянмада оппозициялык партия Аун Сан Су Чжи парламенттеги орундар үчүн шайлоодо алдыда экенин билдирди. Мамлекеттеги башкы оппозициялык партия – “Демократия үчүн улуттук лига” – кабарлагандай, анын лидери, Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты Су Чжи кечээги шайлоонун алгачкы жыйынтыктарында парламенттеги 45 орундун 42син утту. Азырынча добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу расмий малымат айтыла элек.

Бул ирет шайлоо 664 орундуу парламенттин бошогон 45 оруну үчүн өткөн. Эксперттердин айтымында, оппозиция бул жолу таймаш жүргөн орундардын баарын ээлеген күндө да парламенттеги күчтөргө таасир эте алгыдай кубатка ээ боло албайт. Анткени мында орундардын басымдуу бөлүгүн аскерий жетекчиликтин көзөмөлүндөгү партиялар ээлеп турушат.

XS
SM
MD
LG