Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:41

Март - Иракта согуш башталгандан бери өлүм эң аз катталган ай


Өткөн айда Ирактагы түрдүү атышуу, чабуулдарда өлгөндөрдүн саны өлкөгө 2003-жылы америкалык аскерлер киргенден берки эң төмөнкү деңгээлин көрсөткөнүн айтышууда. Расмий маалыматка караганда, март айындагы чабуулдарда өлкө боюнча 112 ирактык набыт болгон. Былтыркы жылдын ушул айында өлгөндөрдүн саны мындан эки эсе көп болчу.

Быйылкы айдагы эң кандуу күн 18-мартка туура келди. Ал күнү ар кайсыл шаар-кыштактардагы чабуулдарда 50 адам набыт болду, 250дөй киши жаракат алды.

Анын үстүнө өткөн айда Иракта Арап лигасынын кезектеги саммити да өттү. Мынчалык жогорку деңгээлдеги жыйынды өлкө 1990-жылдан бери өткөрө элек болчу. Саммит коопсуздук чаралары күчөтүлгөн шартта өтсө да, анчалык деле көп зомбулук катталбады. АКШ өзүнүн аскерлери бул өлкөдөн чыгарууну былтыр аяктаган жана азыр жумуриятта коопсуздукту камсыздоо милдети жергиликтүү күчтөрдүн мойнунда.

XS
SM
MD
LG