Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:58

Бишкек – Ош унаа жолу толук ачыла элек


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Бишкек – Ош унаа жолун убактылуу жабуу дагы эле уланууда. Чүйдөгү Сосновка постунан Жалал-Абаддагы Арал постуна чейинки аралык эртең мененки саат 9дан түнкү 12ге чейин жабык. Мындай чара кар көчкү коркунучуна жана карды атып түшүрүү иштерине байланыштуу көрүлүүдө. Жол өзгөчө буйрук чыккандан кийин гана толук ачылат.

17-20-мартта Ош жана Жалал-Абад облустарында тогуз адам кар көчкү астында калып каза тапкан. 20-марттан 26сына чейин Бишкек – Ош унаа жолу толук жабык турду. (RK)

XS
SM
MD
LG