Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:00

Казарман: Жырма каналы өз нугуна бурулду


Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында Жырма каналын өз нугуна буруу иштери аяктады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.

27-мартта Жырма сугат каналы эриген кар суусуна толуп, ашкан суу турак үйлөрдүн короолорун каптай баштаган. Ошондой эле мурда ушул аймакта жашаган тургун (үйүн сатып көчүп кеткен) сугат суу алуу эрежесин бузуп, диаметри 50 сантиметр, узундугу 2-3 метрлик түтүктү каналга дамбаны тешип туташтырганы белгилүү болгон. Дамбаны ошол жерден суу тешип кеткен.

Натыйжада 30 турак үйдүн ичин жана “Жаңыл-Мырза” бала бакчасынын эки кабат имаратынын жер төлөсүн суу (бийиктиги 30-40 см.ге чейин) каптап кеткен, 150 чамалуу кожолуктун короо жайын да суу каптаган. Жергиликтүү бийлик тарабынан 30 турак үйдүн тургундары, алдын ала алынган маалымат боюнча 83 адам, коопсуз жайга, туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG