Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Москвада оппозиционерди 7 суткага камашты


Бүгүн Москвада сот оппозициячыл саясатчы Михаил Лукашевди 31-март күнү Триумфалдык аянтка алдын ала эскертүүсүз митингге чыкканы үчүн 7 сутка камоо чечимин чыгарды. “Интерфакс” агенттиги маалымдагандай, Лукашев полицияга баш бербей койгон деп айыпталууда.

Катталбаган “Башка Орусия” партиясынын билдиришинче, учурда 31-мартта акцияга чыкканы үчүн дагы беш адам полицияда кармалып турат. Ишемби күнү Триумфалдык аянтка митингге чыккан миңдей кишини полиция күч менен таратып, 60тай адамды кармаган болчу. Митингге чыккандар президент Владимир Путинге каршы ураан-чакырыктарды жасашкан.

Орус оппозициясы ар айдын 31-күнү өлкө Конституциясынын тынч жыйналууга укук берген 31-беренесин коргоо үчүн Стратегия-31 деп аталган митингдерди өткөрүп келет.

XS
SM
MD
LG