Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Транзиттик борбордун жабылышын талап кылган митинг өттү


Бүгүн Жогорку Кеңештин алдында"Манас" аба майданындагы Транзиттик жүк ташуулар борборунун жабылышын талап кылган митинг өттү. Ага отуздай киши катышты. Акциянын уюштуруучусу, "Асыр" жаратылышты коргоо бейөкмөт уюмунун жетекчиси Карыпбек Сереновдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Чүйдүн Аламүдүн жана Москва райондорунун айрым айылдарында Транзиттик борбордун учактарынан аба булганып жатат. Бул маселени жергиликтүү калк өкүлдөрү 2007-жылдан бери көтөрүп келатышат.

2007-2008-жылдары келтирилген экологиялык зыянды митингчилер 305 миң доллар деп эсептеп, ушул сумманы америка өкмөтү төлөп бериши керек дешүүдө.

Мында тышкары бүгүнкү акциянын катышуучулары Кара-Балта шаарында курулуп жаткан мунай иштетүүчү заводго да каршы экенин билдиришти.

Ооганстандагы антитеррордук операция үчүн иштеп келаткан Транзиттик борбор боюнча Кыргызстан менен АКШ өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимдин мөөнөтү 2014-жылы аяктайт. (MiT/RK)

XS
SM
MD
LG