Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Кыргыз-өзбек өкмөт аралык жыйынга даярдык башталат


2-5-апрелде Бишкекте кыргыз жана өзбек өкмөттөрүнүн эксперттери чогулуп, өкмөт аралык биргелешкен комиссиянын жыйынын өткөрүүгө даярдык көрө башташат. Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, премьер-министр Өмүрбек Бабанов Өзбекстандын өкмөт башчысы Шавкат Мирзиёев менен телефондон сүйлөшүп, биргелешкен комиссиянын ишин кайра жандандырууну сунуштады. Адатта өкмөт аралык жыйындар жылына кеминде бир жолу өтүп турат. Кыргыз-өзбек комиссиясынын жыйыны 2009-жылдан бери өтө элек. (RK)

XS
SM
MD
LG