Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Транзиттик борбор боюнча сүйлөшүү үчүн АКШдан эксперттер келет


"Манас" аба майданындагы Транзиттик жүк ташуу борборунун келечеги боюнча сүйлөшүү жүргүзүү үчүн ушул айда Бишкекке АКШдан эксперттер келишет. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Кыргызстандын Коргонуу кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев билдирди.

"Апрелдин орто ченинде атайын эксперттер тобу келет. Транзиттик борбордун тагдыры боюнча сүйлөшөбүз" - деди Табалдиев.

Кечээ Бишкекке иш сапар менен келген АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардымчысы Роберт Блейк менен жолугушууда президент Атамбаев Транзиттик жүк ташуу борбору боюнча маселеге токтолуп 2014-жылдын жай айларынан кийин "Манас" аба майданында аскердик эмес, жарандык жүк ташуу борбору түзүлүшү керектигин айткан.

Бүгүн айрым маалымат булактарында кыргыз тарап 2014-жылдан кийин дагы коопсуздук маселелерин эске алып, америка өкмөтүнө жардам берүүгө даяр деген маалымат тарады. (SJ/RK)

XS
SM
MD
LG