Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:04

Кызыл Кресттин башчысы Сирияга барды


Эл аралык Кызыл Крест комитетинин президенти Якоб Келленбергер Сириядагы согуштук аймактардын жашоочуларына гуманитардык жардамдарды уюштуруу боюнча Сирия бийлиги менен сүйлөшүүнү көздөп жатат. Эки күндүк сапарында Келленбергер бийлик менен оппозиция кагылышып жаткан райондорго да барат. Ал күн сайын согушту эки саатка токтотуп, бул убакытта жарадар болгондорду алып чыгып, карапайым тургундарга гуманитардык жардам жеткирүү керектигин айтты.

Сирияда президент Башар Асаддын режимине каршы көтөрүлүш башталганына бир жылдан ашты, кагылышта өлгөндөр саны 9 миңден ашканын Бириккен Улуттар уюму билдирген.

XS
SM
MD
LG