Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Аннан: Сирияда өкмөт танктарды шаарлардан 10-апрелге чейин чыгарууга макул болду


Сюзан Райс
Сюзан Райс
Бириккен улуттар уюмунун Сирия боюнча чабарманы Кофи Аннандын айтымында, президент Башар ал-Асад атышуулар болгон шаарлардан аскерлерди жана техниканы 10-апрелге чейин чыгарып кетүүгө макул болду. Бул ошондон тарта эки күндөн кийин козголоңчулар менен атышууларды токтотууга жана Улуттар уюмунун байкоочулар миссиясынын киришине жол ачмак.

Аннан билдирүүнү Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешиндеги кечээги жабык жыйында жасады. АКШнын бул уюмдагы элчиси Сюзан Райс Сирияга “убадасына эмес, ишине жараша баа бериш керек” деп, буга чейин расмий Дамаск бир нече ирет убадасынан тайганын эске салды.

"Соңку бир топ айлардан бери берилген убадалар аткарылбай жатканын көрдүк. Зомбулукту токтотом деп коюп, артынан мурдагысынан бетер зөөкүрлүктү көрсөтүшкөнүнө күбө болдук, - деди Райс. - Алдыдагы күндөрү да ошондой эле таризде убада аткарылбай калышы ажеп эмес. Ошондуктан, АКШ Сириянын убадаларына ишенбөөчүлүк менен карап турат".

Ал арада “Кызыл чырым” эл аралык комитетинин башчысы Дамаскка келди. Буга чейин гуманитардык миссиянын иши үчүн күнүнө атышуулар эки саатка токтотулаары айтылган. Анткен менен зомбулук токтотула элек. Кечээги атышууларда активисттер Хомс провинциясында 10 жайкын тургун набыт болгонун айтышты. Алепподо бир күркө жарылып, эки адам өлдү.

XS
SM
MD
LG