Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:17

“Москва-сити” ишкер борборундагы өрт өчүрүлдү


Кечээ кечинде Орусиянын баш калаасы Москвада курулуп жаткан ишкер борборунда “Федерация” деп аталган асман тиреген комплекстин 66-67-кабаттарында өрт чыккан. Айрым маалымат булактары ал жерде күйгөн калдыктар жерге түшүп жатканын да айтышкан болчу. Суу тик учактар менен жеткирилип, акыр аягында өрт толук өчүрүлгөнү кабарланды. Бул имарат 300 млн.долларга сактык компаниясы тарабынан корголгонун жазышууда. Курулушу толук бүткөндөн кийин бул имарат 93 кабаттан турмакчы жана бийиктиги 360 метрге жетиши керек.

XS
SM
MD
LG