Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Токтонасыров: Пикетчилерге тоскоолдук болуп жатат


Милиционерлер Жогорку Кеңештин алдына пикетке чыккандардын кетишин талап кылып жатышат. Бул тууралуу "Азаттыкка" пикетчилердин бири Өндүрүш Токтонасыров кабарлады. Анын айтымында, нааразылык акцияларына чыккандардын талаптары бир канча - айрымдары "Манас" транзиттик жүк ташуу борборунун жабылышын талап кылышса, кээ бирлери банктагы акчасын алдырып коюп депутаттардан жардам сурап турушат. Ал эми Токтонасыров өзү Кыргызстандын Беларустагы элчилигин жабуу талабы менен турат.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жалпы эсеп менен учурда парламент алдында 15-20 пикетчи турат, аларды эч ким кубалаган жок.

"Болгону аларга коомдук тартипти сактоо эскертилди. Себеби бүгүн Монголиянын президентинин расмий сапарына байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Пикетчилер саат 12ге чейин акцияларын аяктамай болушту", - деп билдирди "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев. (RK)

XS
SM
MD
LG