Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:31

Ошто бала бакча жетишсиз


Ош шаарында бакча тарбиясына муктаж балдардын саны 20 миңден ашуун. Учурда Оштогу бала бакчалар шаардагы кенже курактагы балдардын 28 пайызын гана тейлейт. Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлай Машрапова «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, азыр Ошто 30 миң 419 бала бар, алардын 8 миң 512си гана бакчага барат.

«Анткени шаардагы бакчаларга андан ашык бала батпайт. Учурда Ошто 30 гана бала бакча бар. Баардык балдарды кабыл алыш үчүн дагы 73 бакча салынышы керек»,- дейт Машрапова.

Быйыл шаар бийлиги Ошко беш бала бакча курууну пландап жатат. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG