Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:40

Токтогул: Суу каптаган айылда тазалоо иштери жүрүп жатат


Жалал-Абаддын Токтогул районундагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык аймагынын Ак-Жар айылында тазалоо иштери жүрүүдө. Бирок техниканы пайдалануу мүмкүн болбой жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Анын айтымында, кечээ түшкө маал Ак-Жар айылында эки коктудан келген суу Жаңы-Күч сугат каналын бузуп, сайдан аккан суу өз нугунан көтөрүлүп, Султаналиев көчөсүндөгү төрт турак үйгө кирген, башка үйлөргө коркунуч жаратууда. Айыл тургундарынан 15 адам тартылып, суунун нугун буруу иштери жүрүп жатат. Ылай, баткакка байланыштуу техника иштетүүгө мүмкүн болбой жатканы айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG