Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Ошто 7-апрел Жеңиштин 67 жылдыгына карата эскерүү күнү деп жарыяланды


Ош шаарында 7-апрел – Улуу Ата Мекендик согушта СССРдин жеңишке жетишкендигинин 67 жылдыгына карата эскерүү күнү деп жарыяланды. Аны өткөрүү үчүн буйрукка шаар башчысы кол коюп, уюштуруу комитети иштеп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал күнү Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондорго багышталып куран окулат жана шаардагы бейиттер тазаланат.

Эскерүү күнүн жарыялоонун 2010-жылдагы 7-апрель окуясына тиешеси жок экени, буга чейин жыл сайын апрелдин биринчи жумасынын соңунда ушундай эскерүү иш-чаралары болуп келгени айтылууда.

2011-жылдын декабрында 7-апрелди Кыргызстанда элдик апрел революциясынын күнү деп жарыялоо чечими кабыл алынган. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG