Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:17

ӨКМ: Жети миңдей адам кооптуу жерде жашайт


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстанда жаратылыш кырсыктары жагынан кооптуу делген аймактарда жашап жаткандар боюнча маалымат таратты. Министрликтин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун билдиргенине караганда, жалпы республика боюнча кооптуу аймактарда 2002-жылдан 2011-жылга чейин 18 028 адам көчүрүлүүсү зарыл болсо, анын 11 103ү гана көчүрүлүп, 6925и дагы эле ошол жерлерде жашап жатат. Аларды көчүрүп, ссудасын, жерин берип, көзөмөл жүргүзүү милдети жергиликтүү бийликтерге, мекемелерге жүктөлгөн.

Министрликтин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти быйылкы жылы республиканын аймагындагы кооптуу аймактар боюнча (картасы менен) атайын китеп чыгарып, өлкө президенти менен премьер-министринен баштап айылдык округдардын башчыларына чейин таратып берди.

"Бирок кооптуу жайлардан көчүрүү боюнча жергиликтүү бийликтер тарабынан азырынча алгылыктуу иштер байкала электиги өкүнүчтүү", - дейт Абдишарип Бекилов.

Анын айтымында, быйыл кышында Кыргызстанда жаан-чачын бир нече жылдык нормадан үч эсе көп болду. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG