Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:31

Өрттөн өлгөндөр өзбек жарандары болушу мүмкүн


Орусиялык гезиттер бүгүн Москвадагы өрттө курман болгон 17 киши Тажикстандан экендигин жазышкан, бирок тажик бийликтери бул маалыматты четке какты.

Тажикстандын тышкы иштер министринин маалымат катчысы Давлат Назриев "Азаттыкка" курмандыктар өзбекстандык тажик тилдүү жарандар экендигин билдирди:

- Биздин маалыматка караганда, өрттө өлгөн 17 кишинин арасында биздин жарандар жок, муну биздин Москвадагы элчилик бышыктады.

Москва милициясынын маалымат катчысы Юлия Аносова азыр курмандыктардын жарандыгын тактоо иши уланып жаткандыгын билдирди:

Биз курмандыктарга тиешелүү болгон эч кандай оокат-кечек тапкан жокпуз, анткени баары күйүп кеткен. Азыр эми биз имаратта ким, эмне үчүн болгондугун иликтейбиз. Анткени бул имарат жашоо же уктоо үчүн ылайык эмес болчу.

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги Качалов базарындагы жүк сактоочу сарайдагы өрттө набыт болгондордун арасында кыргыздар жок экендигин маалымдаган.

Москвадагы тажик мигранттарынын укугун коргогон кыймылдын жетекчиси Каромат Шарипов "Азаттыкка" жумушчулар уктаган сарайдын сыртында кулпу салынуу болгондуктан мигранттар өрттөн кача албай калганын ырастады. Куткаруучулар эки саат дегенде өрттү өчүрүштү. Өрт кокустуктан чыкканы болжолдонууда. (jch)

XS
SM
MD
LG