Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Ингушетияда кечээ кечинде сегиз козголоңчу өлтүрүлдү


Назран шаарындагы атышууда Ички иштер министрлигинин бир аскери да курман болгон. Орусиянын терроризмге каршы комитети алардын машинесинен колдо жасалган үлкөн жардыргыч зат табылганын, алар терактка даярданып жатышканын кабарлады.

Коңшулаш Дагестанда болсо Какиркент айылына жакын жердеги токойдо атышуу болуп, үч козголоңчу жана бир өкмөттүк аскер атышууларда өлгөнүн “Интерфакс” агенттиги билдирди.

Орусияда президенттиктен кетип жаткан Дмитрий Медведев Түндүк Кавказдагы жикчил кыймылды “Мамлекеттин ички коопсуздугундагы башкы проблема” деп атаган.

XS
SM
MD
LG