Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:18

Косоводо коррупция менен күрөшкөн прокурор коррупция үчүн камалды


Приштинанын полициясы дүйшөмбүдө өлкөнүн коррупцияга каршы эң жогорку прокурору Назми Мустафини “айрым бийлик төбөлдөрүнүн коррупциялык иштерин жабыш үчүн алардан пара алган” деген айып менен камады. Мустафиге каршы ишти эми Евробиримдиктин EULEX деген атайын тобу карамакчы. Бул топ “жергиликтүү соттор алып барышы күмөн” делген иштерди жүргүзөт. Бул ишке байланыштуу дагы эки чиновник кармалды.

Мустафи 2010-жылы Косовонун премьер-министри Хашим Тачи түзгөн антикоррупциялык агенттикти жетектеген. Анын эң башкы иштеринин бири катары өлкөнүн Борбордук банкынын мурдагы жетекчиси Хашим Режепи менен байланыштуу окуяны аташууда. Өткөн декабрда сот “далилдер жетишсиз” деп, Режепиге тагылган айыпты алып салган.

XS
SM
MD
LG