Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Нарын сел кесепети менен күрөшүүдө


Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбековдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, аймакта сел жүрүшү ыктымал делген опурталдуу жерлер күнү-түнү көзөмөлгө алынууда. Нарын шаарынын үстүндөгү 19 коктудан келчү суунун агымын буруу аракети көрүлүп жатат.

Бүгүн биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев Нарынга барып, жабыркаган аймактарды кыдырат. Облуста Ак-Талаа району баарынан көп зыян тартты. Аталган райондо 200гө жакын үй короо-жайы менен селде калды. Табыгый кырсыктан жабыркаган Нарынга Ысык-Көл менен Чүйдөн техника жөнөтүлдү. Суу алып кеткен көпүрөлөрдү оңдоо башталды. (EBM)

XS
SM
MD
LG