Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

Таластык дыйкандар төө буурчактан бедеге өтө баштады


Таластык дыйкандардын көпчүлүгү буга чейин “моно маданият” болуп бараткан төө буурчактан көп жылдык чөп эгүүгө өтө башташты.

Быйыл облус боюнча төө буурчактын аянты 2,5 миң гектарга аз айдалды, анын ордуна көп жылдык чөп эгилет. Бул тууралуу облус губернаторунун басма сөз катчысы Мухамеджан Суранчиев “Азаттыкка” кабарлады:

-Төө буурчак 40,212 гектар жерге эгилет. Былтыркыга караганда 2,5 миң гектарга аз айдалаары болжолдонууда. Райондордун алдын ала берген маалыматтары боюнча, анын ордуна беде өстүрүүгө дыйкандарыбыз багыт алууда.

Учурда облустагы айдоого жарамдуу жердин 60,165 миң гектарына дан өсүмдүктөрү, 40,212 миң гектарына төө буурчак, 20,570 миң гектарына көп жылдык чөп жана 15,132 миң гектар жерге картөшкө эгүү болжолдонууда. (MbA/RK)

XS
SM
MD
LG