Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:02

Саед: АКШ мени кармайм деп жаңылышат


Башына АКШ 10 миллион доллар жарыялаган пакистандык согушчан топтун ана башы террорчулукка эч кандай тиешеси жок экенин, Вашингтон аны кармайм деп, акча сайып жаңылышаарын айтты. Исламчыл “Лашкар-е-Тайба” куралдуу тобунун лидери Хафиз Мухаммед Саед мындай пикирин Associated Press агенттигине Исламабаддагы мечитте курган маегинде билдирди. Саед 2008-жылы Индиянын Мумбай шаарындагы террордук чабуулду уюштурду деп шектелип жүрөт. Чабуулда 160 чамалуу адамдын каны төгүлгөн. Саеддин айтышынча, Ооганстандагы НАТО аскерлерине жүк тартуучу жолду Пакистандын кайра ачуусуна каршы демонстрацияларды уюштурганы үчүн, АКШ анын башына байге сайыптыр. “Лашкар-е-Тайбага” Пакистанда тыйуу салынганы менен Хафиз Мухаммед Саед өлкөдө эркин эле жүрөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG