Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:41

Отунбаева: 7-апрелде каза тапкандардын үмүтү акталды деп айта алабайм


Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун үмүтү актала элек деп эсептейт. Бул тууралуу ал ушу тапта "Азаттыктын" интернеттеги сайтында өтүп жаткан окурмандар менен түз байланышта айтты.

"7-апрелдеги каза тапкан жигиттердин үмүтүн актадык деп айтса аласызбы?", - деген суроого Отунбаева төмөнкүчө жооп берди:

Жок, актадык деп айта албайм. Бул процесс уланууда. 2 жыл болду. Бул аралыкта көп эле өзгөрүүлөр болду. Бирок ойдогудай болбой жатат. Ушул балдардын үмүтүн актайм деп көп эле аракет жасадым. 7-апрель боюнча өтө узакка созулду. Бул процессуалдык нерселерди бузбайлы деп созулуп жатат. Аны карс-курс деп жасап коюуга мүмкүн эмес. Күнөөлүүлөрдү кайтарып бергиле деген талабыбызга эч ким жооп бербей жатат. 2-3 айлык эле иш калды.

Апрел окуясында токсондой киши набыт болгон. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG