Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

5-апрелге карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
4-5-апрелде жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү болот жана жолдордо муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жолго чыккан унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо керек.

4-8-апрелде абанын температурасы жогорулап, республиканын тоо этектеринде кардын тез эриши күтүлөт, ойдуң жерлерди суу капташы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында сел жүрүшү күтүлөт, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Аба ырайы
5-апрелде Кыргызстандын аймагында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде гана жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Тоолуу жерлерде жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25,
Талас облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 18...23,
Баткенде түнкүсүн 6...11, күндүз 18..23 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...5 градус, күндүз 13...18
Нарында түнкүсүн -1...+4, күндүз 11..16,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -5..-10, күндүз 0...5,
Тоолордо түнкүсүн -4...-9, ал эми күндүз 0..5 болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9...11 градус жылуу, күндүз 23...25 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG