Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:42

Отунбаева: Азыркы бийликке каршы акцияларга негиз жок


Өлкөдөгү азыркы бийликке каршы чыгууга негиз жок. Мындай оюн бүгүн "Азаттыктын" окурмандары менен өткөн "интернет-эрөөлдө" экс-президент Роза Отунбаева билдирди.

Окурмандын "Жакында эле Баткенде болгон оппозициянын чогулушунда Ташиев Бишкектеги боло турган митинг - бийлик үчүн акыркы күн болоорун айтты" деген суроосуна жооп берип Отунбаева:

"Мейли, митингге 1, 2, 3 миң киши келсин. Андан бийлик кетпейт го. Бул бийлик укканды билет. Себеби ошондон өзү өткөн. Бакиев отуруп сүйлөшүүгө аракет жасабай койду эле го. Бул бийлик келгиле, сүйлөшөлү деп жатат", - деди.

Оппозиция өкүлдөрү жакында Баткенде нааразылык акциясын өткөрүп, 10-апрелден кийин азыркы бийликке каршы чечкиндүү чаралар көрүлөөрүн айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG