Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

Орусияда Сергей Шойгу Москва облусунун губернаторлугуна сунуш кылынды


Министр Шойгу (оңдо) жана президент Медведев
Министр Шойгу (оңдо) жана президент Медведев
Көп жылдардан бери өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министри болуп келген Сергей Шойгуну Москва облусунун губернаторлугуна кечээ Орусиянын президенти Дмитрий Медведев сунуш кылды.

Бул облусту 2000-жылдан бери башкарып келген Борис Громов быйыл майда кызмат мөөнөтү аяктаганда иштен кетээрин жарыялаган. Москва облусунда коррупциялык жаңжалдар тууралуу көп айтылат.

Шойгу Өзгөчө кырдаалдар министри катары 16 жылдан бери иштеп келаткан, учурунда “Бирдиктүү Орусия” партиясын түзгөнгө да жардам бергендердин бири.

Бүгүн Москва облусунун депутаттары анын талапкерлиги боюнча жашыруун добуш беришет. Орусияда оппозиция губернаторлорду эл шайлоодо тандашы керек деп келет.

XS
SM
MD
LG