Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Иракта өлүм жазасына мораторий жарыялоого чакырды


Пан Ги Мун
Пан Ги Мун
Шаршембиде Пан Ги Мун Ирактын өкмөтүнө кайрылып, өлкөдө өлүм жазасына өкүм этилип өлтүрүлгөндөрдүн саны кескин өскөнүнө кабатырланып жатканын айтты.

Анын маалыматына караганда, былтыр январдан ноябрга чейин 68 адам бул жаза менен өлтүрүлсө, өткөн жылдын декабрынан быйыл февралга чейин эле өлүмгө өкүм этилип тындым кылынгандардын саны 80ге чыкты.

Докладда айтылгандай, дарга асылгандардын басымдуу бөлүгү террорчулук үчүн айыпталышкан. “Мен Ирактын бийликтерине кайрылып, өлүм жазасына мораторий жарыялоого чакырам”, - деди Пан Ги Мун.

XS
SM
MD
LG